МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№190 Чүй облусунун Ысык-Ата, Ош облусунун Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү Т.Дикамбаев, Т.Мамбеталиев, К.Асангазиев, Б.Мойдунов аймактык шайлоо комиссиянын курамынан чыгуу жөнүндө арыздарынын негизинде, ошондой эле Б.Зарлыков, Д.Джумабаева, Ш.Абдуллаев аймактык шайлоо комиссиялардын курамына киргизилгендигине байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,19,22-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренелеринин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы №375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиянын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Дикамбаев Тимур Мэлисович, Мамбеталиев Темирлан Табылдиевич, Асангазиев Кемел Алмазбекович - курамынан чыгарылсын;

-“Республика-Ата-Журт” саясий партиясынан көрсөтүлгөн  Зарлыков Болот Съездбекович,  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Джумабаева Диляра Султановна - резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Ош облусунун Чон-Алай аймактык шайлоо комиссиянын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Мойдунов Бусурманкул Пайзидинович - курамынан чыгарылсын;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдуллаев Шарафидин Эсеналиевич – резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш, 2017-жылдын 30-июну,  

№ 190

Карап чыгуулар: (1261)