МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№190 2015-жылдын 24-ноябрында өткөрүлгөн Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 180 токтому менен дайындалган Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысын 2015-жылдын 24-ноябрында өткөрүлгөн шайлоо боюнча Баткен аймактык шайлоо комиссиясынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2015-жылдын 24-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы  айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
2. Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
3. Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Бөрүбаев Сыдыкали Бөрүбаевич табылсын.
4. Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовго жүктөлсүн.

            

 ТӨРАГАНЫН  ЫЙГАРЫМ

 УКУКТАРЫН АТКАРУУЧУ                                    А. ШАЙЫМКУЛОВА       

 

  Бишкек ш., 2015-жылдын 4-декабры

  № 190

Карап чыгуулар: (1016)