МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№193 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 27-октябрындагы № 177 токтомунун 1-пунктун күчүн жоготту жана Ж.А. Саматовду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты деп табуу жөнүндө

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 2015-жылдын 3-декабрында төмөнкүдөй чечим кабыл алган:

1. Саматов Жыргалбек Алимбаевичтин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аракетсиздиги боюнча доо арызы канааттандырылсын.

2. Саматов Жыргалбек Алимбаевичтин жазуу түрүндөгү арыздары мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө каралбагандыгы жана алар тууралуу тиешелүү чечимдер кабыл алынбагандыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аракетсиздиги мыйзамсыз деп табылсын.

         3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, соттун чечими күчүнө кирген учурдан тартып 3 күндүк мөөнөттө Ж.А. Саматовдун жазуу түрүндөгү арызын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын отурумунда кароо жана тиешелүү чечим кабыл алуу милдеттендирилсин.

Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2015-жылдын 3-декабрындагы чечиминин 3-абзацы менен макул болбогондуктан, ал Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна даттанылды.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечиминин 2-абзацына ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кароосуна Ж.А. Саматовдун кайрылуулары киргизилет.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Ж.А. Саматов тарабынан, ал Россия Федерациясынын жараны эместиги жөнүндөгү Россия Федерациясынын Федералдык миграция кызматынын катынын түп нускасы (2015-жылдын 2-ноябры, чыг. № МС-4/3-83159) берилгендигине байланыштуу, буга чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан 2015-жылдын 27-октябрында кабыл алынган  № 177 токтомун кайра карап чыгуу зарылчылыгы келип чыкты.

Саматов Жыргалбек Алимбаевичте Россия Федерациясынын жарандыгы жок экендиги жөнүндө берилген далилдин жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 15-октябрындагы № 173 токтомунун (Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 27-октябрындагы № 175 токтомунун редакциясында) негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 27-октябрындагы № 177 токтому менен аныкталган жана бекитилген  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын 2015-жылдын 4-октябрындагы шайлоонун натыйжаларынын Ибраимжанов Болотбек Сапарбаевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты деп тануу бөлүгү ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып жараксыз деп табылсын.

2. «Республика-Ата Журт» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган Ибраимжанов Болотбек Сапарбаевичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 27-октябрындагы № 177 токтомунун 1-пунктунун «Республика-Ата Журт» саясий партиясынан көрсөтүлгөн талапкер Ибраимжанов Болотбек Сапарбаевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты деп таануу жана аны каттоо бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ибраимжанов Болотбек Сапарбаевичтин күбөлүгү ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып жараксыз деп табылсын.

5. Саматов Жыргалбек Алимбаевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 6-чакырылышындагы депутаты болуп катталсын.

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутатына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.

7. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

8. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                     Т. АБДРАИМОВ 

 

Бишкек ш., 2015-жылдын 7-декабры

№ 193

Карап чыгуулар: (1298)