МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№195 2015-жылдын 8-декабрында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 183 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Аламүдүн районунун Октябрь, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2015-жылдын 8-декабрында өткөрүлгөн шайлоо боюнча Аламүдүн, Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренеcине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. 2015-жылдын 8-декабрында өткөрүлгөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.1. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.2. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Октябрь айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Паязов Сактанбек табылсын.

2. 2015-жылдын 8-декабрында өткөрүлгөн Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

2.1. Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

2.2. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Батырбекова Айгүль Абдрасуловна табылсын.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                             Т. АБДРАИМОВ

 

 

Бишкек ш., 2015-жылдын 16-декабры 

№ 195

Карап чыгуулар: (1001)