![]() №196 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 7-сентябрындагы № 133 токтому менен 2015-жылдын 25-сентябрына дайындалган Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоосу “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 8-пункту бузулуп, Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн белгиленген санынан 3/2синен кем катышуусунда өткөндүктөн, 2015-жылдын 5-ноябрындагы №180 токтомунун негизинде көрсөтүлгөн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыктары жана натыйжасы жараксыз деп табылып, шайлоо 2015-жылдын 19-ноябрына дайындалган. 2015-жылдын 19-ноябрындагы шайлоосунда бир дагы катталган талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттарынын зарыл болгон добуштарынын санын албагандыгына байланыштуу шайлоо болбой калган. Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2015-жылдын 2-ноябрындагы № 202-б буйругу менен Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы А.У.Мамасадыков Ош облустук сотунун 2015-жылдын 12-октябрындагы № АО 04-635/15-УД өкүмүнүн негизинде ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2015-жылдын 8-декабрындагы № 223-б буйругу менен Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Т.Умаров өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7 – беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 16-декабры № 196 |
Карап чыгуулар: (1064) |