МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№198 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 7-декабрындагы № 193 токтомун жана № 163 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматына  (2015-жылдын 23-ноябры, чыг. № 01-1/7-3166) Россия Федерациясынын Федералдык миграция кызматынан  (2015-жылдын 2-ноябры, чыг. № МС-4/3-83159) алардын катынын түп нускалыгы жөнүндө маалыматты суроо боюнча өтүнүч менен кайрылган.  Россия Федерациясынын Федералдык миграция кызматынан, аларда бул эсепке алынбагандыгы Ж.А. Саматовдун  Россия Федерациясынын жарандыгы жок жана Россия Федерациясынын Федералдык миграция кызматы тарабынан бул документ катталбагандыгы жана берилбегендиги жөнүндө жооп алынды. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 7-декабрындагы № 193 токтому жана № 163 чечими жокко чыгарууга жатат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын жообунун негизинде, (2015-жылдын 15-декабры, чыг. № 01-08/135),  Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70,71,73-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1,46,61-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы  

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 7-декабрындагы № 193 токтому жокко чыгарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 7-декабрындагы № 163 чечими жокко чыгарылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Саматов Жыргалбек Алимбаевичтин күбөлүгү жараксыз деп табылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 7-декабрындагы № 193 токтомунун көчүрмөсү чакыртып алынсын.
5. “Республика-Ата Журт” саясий партиясынын арыздары (2015-жылдын 26 жана 27-октябрындагы, кир. № № 01-1/14-1928п., 01-1/14-1938п.) канааттандырылсын.
6. Бул токтом жана тиешелүү материалдар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жиберилсин.
7. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовго жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                           Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2015-жылдын 16-декабры

№ 198

Карап чыгуулар: (1259)