МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№200 Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерге бош калган депутаттык мандатты өткөрүп берүү жөнүндөгү Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 7-декабрындагы №32/1 чечимин бекитүү тууралуу

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерге бош калган депутаттык мандатты өткөрүп берүү жөнүндөгү Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясы 2015-жылдын 7-декабрындагы №32/1 чечимин кабыл алган.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Турдалиев Жыргалбек Жунушбековичти шайланган депутат деп таануу боюнча токтомунун бөлүгү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Балыкчы шаардык кеңешинин депутаты Турдалиев Жыргалбек Жунушбековичтин каттоосу, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Балыкчы шаардык кеңешинин депутаты Турдалиев Жыргалбек Жунушбековичтин күбөлүгү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.

4. Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын Балыкчы шаардык кеңешинин бош калган депутаттык мандатын кийинки талапкер Сарбагышева Илира Абдылдаевнага ыйгаруу жөнүндө 2015-жылдын 7-декабрындагы №32/1 чечими бекитилсин.

5. Сарбагышева Илира Абдылдаевна Балыкчы шаардык кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.

6. Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясы Балыкчы шаардык кеңешинин шайланган депутаты деп Сарбагышева Илира Абдылдаевнаны каттасын жана ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берсин.

7. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

8. Бул токтомдун көчүрмөсү Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясына жана Балыкчы шаардык кеңешине жөнөтүлсүн.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                     Т.АБДРАИМОВ

           

 Бишкек ш., 2015-жылдын 18-декабры

 №200

Карап чыгуулар: (985)