МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№23 2013-жылдын 29-январында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу аймактык шайлоо комиссияларынын айрым протоколдорун бекитүү жөнүндө

2013-жылдын 29-январында Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай шаарынын мэрин, Чүй облусунун Чүй районундагы Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо өткөрүлдү, ал Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 10-январындагы № 3 токтому менен дайындалган.

Шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу Кадамжай, Чүй, Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын келип түшкөн протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 2, 24-пункттарга, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 4-бөлүгүнө, 49-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2013-жылдын 29-январында болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай шаарынын мэрин, Чүй облусунун Чүй районундагы Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

2. Шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу Кадамжай, Чүй, Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдору бекитилсин.

3. Төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп эсептелсин:

1) Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай шаарынын мэри болуп - Пазылов Асанбай Табанович;

2) Чүй облусунун Чүй районундагы Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн башчысы болуп – Тургуналиев Жаныбек Калыйбаевич;

3) Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысы болуп – Турдукулов Исмаил Шамшиевич.

Айыл өкмөттөрүнүн шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                           Т. АБДРАИМОВ

Бишкек ш., 2013-жылдын 7-февралы

№ 23

 

 

Карап чыгуулар: (1285)