МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№24 2014-жылдын 26-январында өткөрүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2014-жылдын 26-январында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-ноябрындагы ПЖ № 218 жана 12-декабрындагы ПЖ № 226 жарлыктары менен дайындалган  Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо, Ысык-Көл районунун Кумбел, Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлдү.

            Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2014-жылдын 26-январында өткөрүлгөн шайлоодогу добуш берүү жана шайлоонун натыйжалары боюнча  Ысык-Көл, Тоң, Кемин аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерине карата шайлоо процессинин катышуучулары тарабынан  жазуу жүзүндөгү кайрылуулар (арыздар, даттануулар, актылар) келип түшкөн жок.

            Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча участкалык шайлоо комиссияларына бир дагы кайрылуу келип түшкөн жок, Тоң аймактык шайлоо комиссиясына мыйзамдардын ченемдерин бузуу боюнча  депутаттыкка талапкерлерден 5 жазуу жүзүндөгү кайрылуу келип түшкөн.

            Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 29-январындагы чечиминин негизинде, 4 мандаттуу шайлоо округунун №1 «Клуб» № 3207   жана 6 мандаттуу шайлоо округунун №2 «Мектеп» № 3208 шайлоо участкаларында шайлоочулардын добуштарын кайра саноо жүргүзүлгөн.

            Добуштарды кайра саноонун натыйжасы боюнча № 3207 шайлоо участкасында мандаттарды бөлүштүрүүгө таасир эткен бир ката аныкталган. Калган учурларда добуш берүүнүн протоколундагы дайындамалардын өзгөрүлүшү мандаттарды бөлүштүрүүгө таасирин берген жок.

            2014-жылдын 10-февралында добуштарды кайра саноонун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттыгына 5 талапкерден Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн  жыйынтыктары жөнүндө чечимине карата жазуу жүзүндө белгиленген тартипти сактабаган арыз келип түшкөн.

            Тоң, Ысык-Көл, Кемин аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-, 24-пункттарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесинин 4-бөлүгүнө, 62-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2014-жылдын 26-январындагы Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо, Ысык-Көл районунун Кумбел,  Чүй облусундагы Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп табылсын жана  шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилсин.

2. 1,2,3-тиркемелерде көрсөтүлгөн талапкерлер жергиликтүү кеңештин шайланган депутаттары деп табылсын.

3. Депутат болуп шайлангандарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр жана төш белгилер берилсин.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

 

 

            ТӨРАГА                                                               Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек шаары, 2014-жылдын 12-февралы

№ 24

 

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын

2014-жылдын  12-февралындагы 
№ 24 токтомуна тиркеме

 

 

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Саз айылдык кеңешинин депутаттарынын тизмеси

 

4 мандаттуу “Клуб” шайлоо округу боюнча: 

 

Фамилиясы, аты, атасынын аты

Алган добуштардын саны

1.

Бектуров Руслан Кыдыкович

145

2.

Омуров Рустам Кумаргазыевич

129

3.

Байдолотова Аписа Барыктабасовна

125

4.

Абдыкеев Алмазбек Сартбаевич

96

 

6 мандаттуу №2 “Мектеп” шайлоо округу боюнча: 

 

Фамилиясы, аты, атасынын аты

Алган добуштардын саны

1.

Ачикеев Адылбек Нурмухамедович

270

2.

Балкыбеков Асан Мелисович

173

3.

Жусупбек уулу Жаныбек

162

4.

Эгизбек уулу Руслан

148

5.

Джаманкулова Зулайка Мухамедовна

140

6.

Шамырбеков Жаныбек Иманкожоевич

132

 

1 мандаттуу №3 “Гараж” шайлоо округу боюнча: 

 

Фамилиясы, аты, атасынын аты

Алган добуштардын саны

1.

Буржуев Тилек Керимкулович

71

 

 

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын

2014-жылдын  12-февралындагы 
№ 24 токтомуна тиркеме

 

 

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айылдык кеңешинин депутаттарынын тизмеси

 

3 мандаттуу  №1 “Мектеп” шайлоо округу боюнча: 

 

Фамилиясы, аты, атасынын аты

Алган добуштардын саны

1.

Арыкпаев Алмаз Сыртбаевич

166

2.

Бектуров Мирбек Усенович

147

3.

Табылдиев Камчыбек Асангулович

143

 

 

8 мандаттуу “Клуб” шайлоо округу боюнча: 

 

Фамилиясы, аты, атасынын аты

Алган добуштардын саны

1.

Атаканова Рахат Жолдошбековна

323

2.

Асанбеков Джумгал Раимбекович

275

3.

Дубаев Нурзат Болотканович

221

4.

Мамытов Акылбек Алымович

254

5.

Мадинов Нурбосун Эдресович

221

6.

Рыскулуев Муратбек Акматович

255

7.

Токтосунов Дастан Кокунович

215

8.

Табалдиев Шайырбек Алымович

208

 

 

3-тиркеме

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын

2014-жылдын  12-февралындагы 
№ 24 токтомуна тиркеме

 

 

Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңешинин депутаттарынын тизмеси

 

11 мандаттуу “Жаңы-Алыш” шайлоо округу боюнча: 

 

 

Фамилиясы, аты, атасынын аты

Алган добуштардын саны

1.

Оморов Илимбек Аманович

371

2.

Байсабаев Замирбек Исэнбекович

293

3.

Акматов Кубанычбек Мелисович

266

4.

Абдылдаев Кайрат Адылбекович

249

5.

Алымканова Райкан Акматкановна

233

6.

Кондубаев Омурбек Бейшекеевич

216

7.

Кульназаров Мыктыбек Межинович

214

8.

Молдобаев Абдырашид Сатыевич

211

9.

Бокоев Таалайбек Асанович

209

10.

Бокоев Эрлан Толонович

209

11.

Мурсадаиров Кабылбек Советбекович

207

 

 

 

 

 

Карап чыгуулар: (1256)