МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№24 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын, Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын, Ош облусунун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын, Баткен облусунун Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6, 7-пункттарына, 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктуна, 10-бөлүгүнүн 1, 10-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө» жобого ылайык, У.К.Асамбаевдин, Ч.Б.Мырсараимовдун, А.А.Казакбаевдин, А.С.Калиеванын, Д.К.Кыдралиевдин, И.М.Салиевдин арыздарынын, Ош облусунун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын сунушунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- курамдан комиссиянын мүчөсү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Асамбаев Улан Курушбекович (комиссиянын катчысы) чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Акматов Таалайбек Мусапырович киргизилсин.

 2. Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- курамдан комиссиянын төмөнкү мүчөлөрү чыгарылсын: «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан Мырсараимова Чинара Болотбековна; «Республика» саясий партиясынан Казакбаев Асан Азимбекович; «Ар-Намыс» саясий партиясынан Калиева Анархан Самыйбековна; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Кыдралиев Джамалбек Кудайбергенович;

- резервден комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилсин: «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан Ирсалиев Асанкан Аматбекович; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Кондрашова Елена Владимировна, Крикунова Любовь Степановна.

 3. Ош облусунун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- курамдан комиссиянын мүчөсү «Ата Мекен» Социалисттик партиясы» саясий партиясынан Абдурахманов Абдижалил чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Иминжанова Дибархон киргизилсин.

 4. Баткен облусунун Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- курамдан комиссиянын мүчөсү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Салиев Исамидин Махамадалымжанович (комиссиянын катчысы) чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Сулейманов Арсланбек Сайдинович киргизилсин.

 5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана БШКнын расмий сайтына жайгаштырылсын.

 6. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

                                                                                    

        ТӨРАГАНЫН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ                                                                           А. ШАЙЫМКУЛОВА

 

Бишкек ш., 2013-жылдын 1-марты

№ 24

Карап чыгуулар: (1064)