МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№25 2013-жылдын 12-, 16-, 20-февралында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын кайталап шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитүү жөнүндө

2013-жылдын 12-, 16-, 20-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 30-январындагы № 16, 2013-жылдын 1-февралындагы № 17, 2013-жылдын 6-февралындагы №19 токтомдору менен дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын – шаарлардын мэрлерин, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайталап шайлоо өттү.

Шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын келип түшкөн протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-, 49- беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. 2013-жылдын 12-, 16-, 20-февралында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын кайталап шайлоо болуп өттү деп табылсын.

2. Шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Чүй облусунун Жайыл, Москва, Панфилов, Сокулук, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын, Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын, Баткен облусунун Баткен шаардык, Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын, Ош облусунун Алай, Араван, Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Ак-Суу, Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын, Талас облусунун Талас, Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад, Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдору бекитилсин.

3. Төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп эсептелсин (тизме тиркелет).

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

 

          ТӨРАГАНЫН

  МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ                           А. ШАЙЫМКУЛОВА

 

 

Бишкек ш., 2013-жылдын 1-марты

№ 25

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана
референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын
2013-жылдын 1-мартындагы
№ 25 токтомунун тиркемеси

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларынын тизмеси

 

Катар

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы  

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын шайланган башчысынын Ф.А.Ж.

 

Чуй облусу

 

Жайыл району

  •  
  • Сосновка

    Рысбаева Майрамкан Муканбетовна

    Москва району

  •  
  • Предтеченка

    Балбаков Нурлан Солтонгелдиевич

  •  
  • Петровка

    Кадыркулов Кылычбек Бейшенбекович

    Панфилов району

  •  
  • Кайыңды шаары

    Иманкулов Эркин Токтаалиевич

    Сокулук району

  •  
  • Жаңы-Жер  

    Тезекбаев Насирдин Казиевич

    Ысык-Ата району

  •  
  • Кочкорбаев

    Кармышев Рыспек Александрович

     

    Нарын облусу  

     

    Нарын району

  •  
  • Учкун

    Мудунов Жумадил

     

    Баткен облусу 

     

     

  •  
  • Баткен шаары

    Жалалов Жаныбек Махматалиевич

    Лейлек району

  •  
  • Катран

    Исаев Абдикасыт Абдилакимович

     

    Ош облусу 

     

    Алай району

  •  
  • Корул

    Ташкулов Ильяз Акжигитович

    Араван району

  •  
  • Нурабад

    Юсупов Аброрбек Мухтаржанович

    Өзгөн району

    12.   

    Ийри-Суу

    Дуйшеев Азамат Раимжанович

     

    Ысык-Көл облусу

     

    Ысык-Көл району

    13.   

    Темир

    Дулатов Алтымышбек Арымбаевич

    Ак-Суу району 

    14.   

    Теплоключенка

    Эралиев Эрмек Капарович

    15.   

    Отрадное

    Джумабеков Бакыт Абышевич

    Жети-Өгүз району

    16.   

    Тамга

    Манапбаев Иса Касенович

     

    Талас облусу

     

    Бакай-Ата району

    17.   

    Миң-Булак

    Ормотоев Жапарбек Акбарович

    Талас району

    18.   

    Нуржанов

    Бегалиев Майрамбек Медетбекович

     

    Жалал-Абад облусу 

     

    19.   

    Жалал-Абад шаары

    Арапбаев Мухтар Абдуллажанович

    Базар-Коргон району

    20.   

    Арстанбап

    Чолпонов Икрамжан Сайфитдинович

    Карап чыгуулар: (1290)