МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№28 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

Жергиликтүү кеңештердин сессияларынын токтомдору менен айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын депутаттык ыйгарым укуктары токтотулган. Ал токтомдордун негизинде аймактык шайлоо комиссиялары «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын алда канча көп сандагы добушун алган, шайланган депутаттардан кийин турган талапкерлерге жана пропорциялуу система боюнча саясий партиялардын тизмелериндеги депутат болуп шайлангандардан кийин катталган талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде аталган депутаттарын шайланган депутат деп таануу боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын көрсөтүлгөн токтомдорунун бөлүктөрү бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп эсептелсин.                      

2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде аталган депутаттарынын каттоосу бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылсын.                            

3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде аталган депутаттарынын ырастамалары бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп эсептелсин.

4. Аймактык шайлоо комиссияларынын “Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү” 2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.

5. 2-тиркемеде аталган талапкерлер бул токтом жарыяланган күндөн тартып жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.

6. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү ырастаманы жана төш белгини берсин.

7. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

8. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.

9. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                           Т. АБДРАИМОВ

 

 Бишкек ш., 2014-жылдын 18-февралы

№ 28

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 18-февралындагы № 28 токтомунун 1-тиркемеси

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган

жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси

 

Жергиликтүү  кеңештердин аталыштары

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж.

Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби

Депутатты таануу жөнүндө БШКнын токтомунун жана датасы

Ысык-Көл облусу

Каракол шаары 

 1

Каракол шаардык кеңеши

Абдылдаев Курманбек Кыянович

Өз арызынын негизинде

№ 40, 13.03.2012

Балыкчы шаары

 2

Балыкчы шаардык кеңеши

Култашев Бактыбек Фазылович

“Молодежное движение 7 апреля” партиясынын чечиминин негизинде

№ 53, 28.03.2012

Жети-Өгүз району

 3

Липенка

Чукуев Турдугул Асангулович

Өз арызынын негизинде

№ 153, 15.12.2012

Ош обулсу

Кара-Суу району

 4

Кызыл-Суу

Насирдинов Эдилбек Насирдинович

Өз арызынын негизинде

№ 155, 15.12.2012

 5  

Камбаров Мунарбек Ураимович

Себепсиз сессияларга катышпагандыгы үчүн

№ 155, 15.12.2012

Алай району

 6

Талды-Суу

Жумаев Иса Карыбаевич

Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган

№ 155, 15.12.2012

 7

Сары-Таш

Эсенов Исламбек Келдибаевич

Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган

№ 155, 15.12.2012

 8

Корул

Асыранов Эрзат Анарбаевич

Өз арызынын негизинде

№ 155, 15.12.2012

Араван району

 9

Керме-Тоо

Кабулов Осмон

Каза болгонуна байланыштуу

№ 155, 15.12.2012

10.   

Мангыт

Кочобаев Муратбек Насирович

Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган

№ 155, 15.12.2012

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 18-февралындагы № 28 токтомунун 2-тиркемеси

 

Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлеринин тизмеси

 

Жергиликтүү  кеңештердин аталыштары

Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж.

Ээлеген кызматы, кызмат орду

Бош калган мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими

Ысык-Көл облусу

Каракол шаары 

 1

Каракол шаардык кеңеши

Баратова Роза Аскеровна

Жеке ишкер

№ 3, 11.02.2014

Балыкчы шаары

 2

Балыкчы шаардык кеңеши

Алтымышев Каныбек Кыдыкбаевич

Жеке ишкер

№ 4, 14.02.2014

Жети-Өгүз району

 3

Липенка

Мамбетов Баткенбек Төлөмүшович

Дыйкан чарбасында

№ 14, 14.02.2014

Ош облусу

Кара-Суу району

 4

Кызыл-Суу

Токторов Анарбай Самидинович

Маданият үйүндө иштейт

№ 24, 04.02.2014

 5  

Дадабаев Кылычбек Раимбердиевич

Жеке ишкер

№ 24, 04.02.2014

Алай району

Талды-Суу

Сапарбаева Жыпаргул Тойгонбаевна

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, медайым

№ 7, 27.01.2014

Сары-Таш

Эркеев Мирбек Белекбаевич

Жеке ишкер

№ 7, 27.01.2014

Корул

Абдиев Таттыбек Шарипович

Жеке ишкер

№ 7, 27.01.2014

Араван району

Керме-Тоо

Анарбаев Асан

Пенсионер

№ 1, 9.01.2014

10.   

Мангыт

Зундунов Акылбек Умаралиевич

Дыйкан чарбасында

№ 1, 9.01.2014

Карап чыгуулар: (1766)