![]() №31 2014-жылдын 13-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округунун схемасын жана чек арасын бекитүү жөнүндө |
Жалал-Абад облусундагы Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 17-февралындагы № 9-2-чечиминин негизинде шайлоо округунун схемасы жана чек арасы боюнча сунушуна жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 2-, 4-, 5-пункттарын, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. 2014-жылдын 13-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча Токтогул администрациялык аймактык бирдиктин аймагынын чегинде Токтогул бирдиктүү шайлоо округу бекитилсин. 2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 3. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 20-февралы № 31 |
Карап чыгуулар: (1312) |