![]() №38 Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай, Ысык-Көл районунун Кумбел, Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш жана Боролдой айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө | ||||||||||||||||||||||||||||||
2014-жылдын 26-январында Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай, Ысык-Көл районунун Кумбел, Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңештеринин депутаттары шайланган. Мамлекеттик администрациясынын башчысы – Кемин районунун акиминин 2014-жылдын 18-февралындагы № 36-б буйругу менен Чүй облусунун Кемин районунун Боролдой айыл өкмөтүнүн башчысы К.Д. Баякеева Боролдой айылдык кеңешинин 26-чакырылышындагы үчүнчү сессиясынын 2014-жылдын 14-февралындагы “Боролдой айыл өкмөтүнүн башчысына кайталап ишенбестик көрсөтүү жөнүндө” № 3 токтомунун негизинде, ээлеген кызмат ордунан бошотулган. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1.Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо тиркемеге ылайык 2014-жылдын 19, 20-мартына дайындалсын. 2.Тоң, Ысык-Көл, Кемин аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун. 3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 4- марты № 38
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын – 4 марты № 38 токтомуна тиркеме
| ||||||||||||||||||||||||||||||
Карап чыгуулар: (1254) |