МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№42 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 157 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 157 токтому менен Чүй облусунун Сокулук районундагы Ново-Павловка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөн жок деп табылган, тиешелүү түрдө Ново-Павловка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилген эмес.

Бирок, 2012-жылдын 19-декабрында “Эркин Тоо” газетасында жарыяланган жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун № 2 тиркемесинде Чүй облусунун жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын тизмесине Сокулук районундагы Ново-Павловка айылдык кеңеши туура эмес киргизилген.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1-, 2-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 157 токтомунун № 2 тиркемесинде Чүй облусунун жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын тизмесинен Чүй облусунун Сокулук районундагы Ново-Павловка айылдык кеңешинин 1,5,6 шайлоо округдары алып салынсын.

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                         Т.АБДРАИМОВ

Бишкек ш., 2-13-жылдын 27-марты

№ 42

Карап чыгуулар: (1779)