МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№43 Кыргыз Республикасынын Ош жана Нарын облусттарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын  Ош жана Нарын облусттарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 5-мартындагы ПЖ № 57  Жарлыгынын 2,3-пункттарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,11,12-пункттарын,
25-беренесинин 2,3,6,7-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2012-жылдын 6-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ош жана Нарын облусттарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 3 295 600 сом суммасында бекитилсин (тиркелет).

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгы бекитилген сметага ылайык каржылоону жүргүзсүн.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасында жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Т.Д. Абдраимовго жүктөлсүн.

 

         Төрага                                                                        Т.Д.Абдраимов

 Бишкек ш., 2012-жылдын 13-марты

№ 43

Карап чыгуулар: (2138)