МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№44 Нарын облусунун Жумгал, Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын Ю.Т. Бакировду, А.О. Мендебаировду, Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын  Г.А.Новоселованы комиссиялардын курамдарынан чыгаруу жөнүндө сунуштамаларынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 6,7-пункттарына, 22-беренесиндеги 10-бөлүктүн 10-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө» жоболоруна ылайык,

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан чыгарылсын: Бакиров Юрислан Тыныбекович - «Замандаш-Современник» саясий партиясынан; Мендебаиров Аманкул Омуркулович - «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан;

- комиссиянын курамына резервден киргизилсин: Минбаев Чынгыз Темирбекович - «Ата-Мекен» саясий социалисттик партиясынан; Акматов Тынчтыкбек Арстанбекович - «Кыргызстан үй куруучулардын партиясы» Республикалык коомдук-саясий партиясынан.

2.Чүй облусунун Жайыл  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан чыгарылсын: Новоселова Галина Алексеевна – «Республика» саясий партиясынан;

- комиссиянын курамына резервден киргизилсин: Омурзакова Гульнара Мергенбаевна - «Замандаш-Современник» саясий партиясынан.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

 

 

            Төраганын ыйгарым
            укуктарын аткаруучу                                                               А. Шайымкулова

 

 Бишкек ш., 2014-жылдын 13-марты

№44

 

Карап чыгуулар: (1171)