![]() №45 2014-жылдын 20-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Көк-Арт, Нарын облусундагы Жумгал районунун Көк-Ой, Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө |
Жалал-Абад облусундагы Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 12-мартындагы № 20-чечиминин, Нарын облусундагы Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 11-мартындагы № 4-чечиминин, Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 11-мартындагы № 6-чечиминин негизинде шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары боюнча сунуштарына жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 2-, 4-, 5-пункттарын, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. 2014-жылдын 20-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Көк-Арт, Нарын облусундагы Жумгал районунун Көк-Ой, Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилсин (тиркелет).
2.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 3. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН АТКАРУУЧУ А. ШАЙЫМКУЛОВА
Бишкек ш., 2014-жылдын 13-марты № 45
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 13-марты
Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин шайлоо округдарынын чек аралары
№ 1 “Кенжекулов” шайлоо округу. Ш.Кенжекулов атындагы орто мектеби. Уч-Малай айылынын чегинде. Мандаттын саны: 2 Шайлоочулардын саны: 436
№ 2 “Көк-Арт” шайлоо округу. Көк-Арт гимназиясы. Жалгыз-Жаңгак айылынын Э.Чокморов атындагы көчөнүн чыгыш тарабынан айылдын аягына чейинки аймактын чегинде. Мандаттын саны: 6 Шайлоочулардын саны: 1550
№ 3 “Б.Төрөгелдиев” шайлоо округу. Б.Төрөгелдиев атындагы орто мектеби. Жалгыз-Жаңгак айылынын Э.Чокморов атындагы көчөнүн батыш тарабынан баштап айылдын аягына чейинки аймактын чегинде. Мандаттын саны: 3 Шайлоочулардын саны: 866
№ 4 “М.Орозалиев” шайлоо округу. М.Орозалиев атындагы орто мектеби. Жерге-Тал айылы Катмы участкасынын башкасы толугу менен кирген аймактын чектеринде. Мандаттын саны: 7 Шайлоочулардын саны: 1639
№ 5 “Мазар-Булак” шайлоо округу. Ж.Шабданов атындагы орто мектеби. Мазар-Булак айылы толугу менен жана Жерге-Тал айылынын Т.Азимбаев, С.Жунусов көчөлөрүнүн баш жагы, Катмы участкасы кошулган аймактын чектеринде. Мандаттын саны: 3 Шайлоочулардын саны: 681
Нарын облусундагы Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңешинин шайлоо округдарынын чек аралары
№ 1 “Көк-Ой” шайлоо округу. Көк-Ой айылынын калктуу конушу толугу менен. Мандаттын саны: 9 Шайлоочулардын саны: 1160
№ 2 “Эмел-Арал” шайлоо округу. Эмел айылынын калктуу конушу жана Арал айылынын калктуу конушу толугу менен. Мандаттын саны: 2 Шайлоочулардын саны: 239
Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңешинин шайлоо округдарынын чек аралары
№ 1 “Казыбек” шайлоо округу. Казыбек айылынын калктуу конушу толугу менен жана анын аймагындагы сарайлар, бөксө кыштоолор. Мандаттын саны: 9 Шайлоочулардын саны: 2217
№ 2 “Жаңы-Күч” шайлоо округу. Жаңы-Күч айылынын калктуу конушу толугу менен жана анын аймагындагы сарайлар, бөксө кыштоолор. Мандаттын саны: 2 Шайлоочулардын саны: 497 |
Карап чыгуулар: (1272) |