МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№45 “2012-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендеринин формаларын жана коргоо даражасын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 7-февралындагы № 30 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу”

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,15-пункттарына ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. “2012-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендеринин формаларын жана коргоо даражасын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 7-февралындагы № 30 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- токтомдун аталышындагы “2012-жылдын 4-мартында” деген сөздөр алып салынсын;

- токтомдун 1-2-пунктундагы “2012-жылдын 4-мартында” деген сөздөр алып салынсын, андан ары текст боюнча;

- “2012-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенинин формасы” деген № 1 Тиркеменин аталышындагы “2012-жылдын
4-мартында” деген сөздөр алып салынсын;

- “2012-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенинин формасы” деген № 1 Тиркеменин үчүнчү абзацынын 6-пунктундагы
“2012-жылдын 4-мартында” деген сөздөр “күнү, айы, жылы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- “2012-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендеринин формасы” деген № 1 Тиркеменин сегизинчи абзацынын 6-пункту “талапкерлердин” деген сөздөн кийин “алар алфавиттик тартипте жайгаштырылат” деген сөздөр менен толукталсын жана андан ары текст боюнча;

- “2012-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенинин формасы” деген № 1 Тиркеме төмөндөгүдөй мазмундагы 7-жана 8-пункттар менен толукталсын:

“7. Шайлоо бюллетендери 100 даанадан ашпаган санда көктөлүшү керек.

8. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын ар бир шайлоосунун шайлоо бюллетендери түсү боюнча айырмаланышы мүмкүн.”

- № 1 Тиркемеге карата № 1 формада:

“2012-жылдын 4-мартында” деген сөздөр “күнү, айы, жылы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

“Эскертме: шайлоо бюллетениндеги саясий партиялардын, шайлоочулардын тобунун кезеги өткөрүлгөн чучукулакка ылайык белгиленет” деген сөздөр алып салынсын;

- № 1 Тиркемеге карата № 2 формадагы “2012-жылдын 4-мартында” деген сөздөр “күнү, айы, жылы” деген сөздөр менен аламаштырылсын;

- № 1 Тиркемеге карата № 3 формада:

“2012-жылдын 4-мартында” деген сөздөр “күнү, айы, жылы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

“Эскертме: шайлоо бюллетениндеги саясий партиялардын кезеги өткөрүлгөн чучукулакка ылайык белгиленет” деген сөздөр алып салынсын;

- № 2 Тиркеменин “2012-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендеринин коргоо даражасы” аталышында
“2012-жылдын 4-мартында” деген сөздөр алып салынсын.

2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                     Т Абдраимов

Бишкек ш., 2012-жылдын 13-марты

№ 45

Карап чыгуулар: (1533)