МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№46 Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2013-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 1-мартындагы № 29 токтому менен дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлдү.

Аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдордун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарына, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2013-жылдын 19-мартындагы Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилсин.

2. Абдраев Нурлан Асилбекович Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп эсептелсин.

3. Шайланган башчыга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                     Т.АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2013-жылдын 9-апрели

№ 46

 

 

 

Карап чыгуулар: (1718)