![]() №47 Жалал-Абад облусунун Ноокен, Нарын облусунун Ат-Башы аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө |
Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы М.М. Ахмедовдун жана Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы Н.А.Акылбековдун комиссиялардын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 6,7-пункттарына, 22-беренесиндеги 10-бөлүктүн 10-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1.Жалал-Абад облусунун Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - комиссиянын курамынан – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн комиссиянын төрагасы Ахмедов Муродбек Махамадович чыгарылсын; - комиссиянын курамына - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Сариев Тайыр Токсонович киргизилсин. 2. Нарын облусунун Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - комиссиянын курамынан - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн комиссиянын катчысы Акылбеков Нурсултан Акылбекович чыгарылсын: - комиссиянын курамына - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Максутова Жыргал Нурдиновна киргизилсин. 3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 26-марты № 47
|
Карап чыгуулар: (1078) |