МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№49Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн чыгымдарынын сметасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын
11-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун датасын дайындоо жөнүндө” ПЖ № 75 Жарлыгынын 2,3,4-пункттарына, жана “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облусттарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө”   Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын 3-пунктуна ылайык,  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,11,12-пункттарын, 25-беренесинин 2, 3, 6, 7-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

            1. 2012-жылдын 26-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн  сметасы 15 475 400 (он беш миллион төрт жүз жетимиш беш миң төрт жүз) сом суммасында бекитилсин (тиркелет).

            2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратын финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгы каржылоону бекитилген сметага ылайык жүргүзсүн.

            3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча расмий сайтына жайгаштырылсын.

            4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Т.Д. Абдраимовго жүктөлсүн.

 

Төраганын ыйгарым укуктарын аткаруучу                                                        Г. Джурабаева

  Бишкек ш., 2013 жылдын 17 апрели

 №49

Карап чыгуулар: (1615)