![]() №49 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 4-мартындагы № 3/28-б буйругу менен Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысы К.Б.Эгимбаев өзүнүн берген арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган. Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин 2014-жылдын 18-мартындагы №131 буйругу менен Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кара-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Б.Иманалиев Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин биринчи орун басары болуп дайындалган. Баткен облусунун Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 14-мартындагы № 1-5/84-б буйругу менен Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы Л.Муратова өзүнүн берген арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган. Чүй облусунун Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 18-февралындагы № 10-б жана 2014-жылдын 5-мартындагы № 15-б буйруктары менен Интернациональный айыл өкмөтүнүн башчысы М.К.Аралбаев жана Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысы И.К.Джумабаев өздөрүнүн берген арыздарынын негизинде ээлеген кызмат орундарынан бошотулушкан. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 4-мартындагы №38 токтому менен дайынгалган Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо тийиштүү айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысы шайланган эмес. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево, Кара-Ой, Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Интернациональный жана Узун-Кыр айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2014-жылдын 14-апрелине, Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2014-жылдын 9-апрелине тиркемеге ылайык дайындалсын. 2. Ысык-Көл, Кадамжай, Ысык-Ата, Кемин аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун. 3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 26-марты №49
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 26- марты № 49 токтомуна тиркеме
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Карап чыгуулар: (1748) |