![]() №49 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын күбөлүгү жана төшбелгиси тууралуу жоболорду бекитүү жөнүндө |
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесинин 2-бөлүгүнө, 62-беренесинин 4-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын күбөлүгү жөнүндө Жобо бекитилсин (№ 1 тиркеме). 2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын күбөлүгүнүн үлгүсүнүн Сыпаттамасы бекитилсин (№ 2 тиркеме). 3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын төшбелгиси жөнүндө Жобо бекитилсин (№ 3 тиркеме). 4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын төшбелгисинин үлгүсүнүн Сыпаттамасы бекитилсин (№ 4 тиркеме). 5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 29-августундагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайлоону өткөрүү боюнча документтердин формаларын жана үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө” № 205 токтомунун № 5 Тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын. 6. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага Т. Абдраимов Бишкек ш., 2012-жылдын 16-марты № 49 № 1 тиркеме Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 16-мартындагы № 49 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын күбөлүгү жөнүндө ЖОБО 1. "Жергиликтүү кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын күбөлүгү (мындан ары - күбөлүк) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын (мындан ары - жергиликтүү кеңештин депутаты) инсандыгын жана ыйгарым укуктарын ырастоочу негизги документ болуп эсептелет. 2. Жергиликтүү кеңештин депутатына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары-Борбордук шайлоо комиссиясы) төрагасынын колтамгасы коюлган күбөлүк берилет. 3. Жергиликтүү кеңештин депутатына күбөлүк берүү жергиликтүү кеңештин депутаттарына күбөлүктөрдү эсепке алуу жана берүү журналына кол койдуруп алуу менен Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт. 4. Жергиликтүү кеңештин депутаты күбөлүктүн сакталышын камсыз кылууга милдеттүү. Күбөлүктү жоготуп жиберген учурда жергиликтүү кеңештин депутаты Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын ысымына жаңы күбөлүк берүү жөнүндө арыз берип, анда жоготуп жиберүүнүн себебин көрсөтөт. 5. Күбөлүктү керектен чыгарып алган учурда мурда берилген күбөлүк кайтарылып берилген шартта жаңысы менен алмаштырылат. 6. Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөндөн кийин күбөлүк жараксыз деп эсептелинет. 7. Жергиликтүү кеңештин депутаты каза болгон учурда күбөлүк анын үй-бүлө мүчөлөрүндө калат.
№ 2 тиркеме Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 16-мартындагы № 49 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын күбөлүгүнүн үлгүсүнүн СЫПАТТАМАСЫ
-жогорку бөлүктүн ортосунда “КҮБӨЛҮК” деген жазуу номери “№___” көрсөтүлүп, баш тамгалар менен жайгаштырылат; - төмөн жагында бир саптан кийин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын фамилиясы баш тамгалары менен, аты, атасынын аты жайгаштырылат; - төмөн жагында бир саптан кийин “Кыргыз Республикасынгын жергиликтүү кеңешинин депутаты” (шаардык кеңештин, райондук кеңештин, айылдык кеңештин толук аталышы) деген жазуу жайгаштырылат; -төмөн жагында бир саптан кийин күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү көрсөтүлөт; -күбөлүктүн төмөнкү сол бурчунда майда арип менен: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы деген жазуу жайгаштырылат; - күбөлүктүн сол жагында күбөлүктүн ээсинин 30х40 мм өлчөмүндө, кызыл түстөгү фондо баш кийимсиз түз карап түшкөн түстүү фотосүрөтү жайгаштырылат. Фотосүрөткө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын тегерек гербдүү мөөрү басылат; -төмөнкү оң бурчунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын аты-жөнү жана фамилиясы баш тамгалар менен көрсөтүлөт. 3. Күбөлүктүн арткы жагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы логотиби чагылдырылат жана “КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ” деген жазуу баш тамгалар менен жайгаштырылат.
№ 3 тиркеме Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 16-мартындагы № 49 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын төшбелгиси жөнүндө ЖОБО 1. "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын (мындан ары - жергиликтүү кеңештин депутаты) өз ыйгарым укуктарынын мөөнөтүндө пайдалана турган жергиликтүү кеңештин депутатынын төшбелгиси (мындан ары-төшбелги) болот. 2. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы (мындан ары- аймактык шайлоо комисиясы) жергиликтүү кеңештин депутатына жергиликтүү кеңештин депутаттарынын төшбелгилерин эсепке алуу жана берүү журналына жергиликтүү кеңештин депутатынын колтамгасын койдуруу менен төөнөп бекитиле турган төшбелги берет. 3. Жергиликтүү кеңешинин депутаты төшбелгинин сакталышын камсыз кылууга милдеттүү. Төшбелгини жоготуп жиберген учурда жергиликтүү кеңештин депутаты Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын ысымына аны жоготуп жиберүүнүн себебин көрсөтүү менен төшбелгинин дубликатын берүү жөнүндө арыз берет. 4. Жергиликтүү кеңешинин депутаты каза болгон учурда төшбелги анын үй-бүлө мүчөлөрүндө калат.
№ 4 тиркеме Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 16-мартындагы № 49 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын төшбелгисинин үлгүсүнүн СЫПАТТАМАСЫ
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын төшбелгиси (мындан ары - төшбелги) - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин 25х20 мм габариттик өлчөмүндөгү стилдештирилген сүрөтүн көрсөтөт. 2. Төшбелгинин негизи калыңдыгы 1,2 мм болоттон, металдын үстү электролиз методу менен оймолонуп кесилип даярдалат. 3. Төшбелгинин контуру тегизделип жана сүрүлгөндөн кийин жука алтын менен жалатылат. Төшбелгинин алдыңкы бети максималдуу чагылып турушу үчүн жука акриль эмалы менен капталат. 4. Төшбелгинин бардык үстүңкү бети көркөмдүктү, көлөмдү жана жалтыроону берген оптикалык компаунд менен жабылат. Төшбелгинин ортоңку борборунда күндүн нуру жана түндүк чагылдырылган. Төшбелгинин төмөнкү бөлүгүндө толкун түрүндө “ШААРДЫК КЕҢЕШ”, “РАЙОНДУК КЕҢЕШ”, “АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ” деген тийиштүү сөздөр жайгаштырылат. Күндүн нурун, түндүктү жана тиешелүү жазууларды чагылдыруу “алтын” жалатуу ыкмасы менен аткарылат. 5. Төшбелгинин арткы бетинде чечилип кетүүдөн сактоочу болоттон жасалган тигинен төөнөгүч жайгашкан, ал “муздак ширетүү” ыкмасы менен төшбелгинин негизине бекитилет.
|
Карап чыгуулар: (1950) |