МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№52 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын –айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  • Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу  органдарынын -айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо дайындалсын.
  • Айыл өкмөт башчыларын шайлоону өткөрүүнүн графиги бекитилсин (тиркелет).
  • Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоолорду өткөрүүнү уюштурсун.
  • Бул токтом  “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
  • Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
  •  

    Төрага                                                                        Т. Абдраимов

    Бишкек ш., 2012-жылдын 26-марты

    № 52

    Карап чыгуулар: (2124)