МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№53 Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү тууралуу

2012-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 8-февралындагы “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” ПЖ № 36 Жарлыгы менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү.

Участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө келип түшкөн протоколдорунун, Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколунун жана жыйынды таблицасынын, ошондой эле Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо жыйынтыктарын чыгаруу жөнүндө Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,24-пункттарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 40-беренесинин 4-бөлүгүнө, 56-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болду деп таанылсын.

2. Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 26-мартындагы Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө протоколу бекитилсин.

3. Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттыгына төмөндөгү талапкерлер Балыкчы шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланды деп эсептелинсин (тизме тиркелет).

Аларга бекитилген үлгүдөгү күбөлүк жана төшбелги берилсин.

4. Бул токтом  “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

 

 Төрага                                                               Т. Абдраимов

Бишкек ш., 2012-жылдын 28-марты

№ 53

Карап чыгуулар: (1585)