МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№54 Аксы районунун Авлетим айылдык кеңешинин, Алай районунун Будалык айылдык кеңешинин, Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык кеңешинин, Аламүдүн районунун Арашан айылдык кеңешинин, Кемин районунун Кемин поселкасынын кеңешинин, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын аныктоо жөнүндө Аксы, Алай, Жети-Өгүз, Аламүдүн, Кемин жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитүү тууралу

2012-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 8-февралындагы № 36 ПЖ Жарлыгы менен дайындалган Аксы районунун Авлетим айылдык кеңешинин, Алай районунун Будалык айылдык кеңешинин, Аламүдүн районунун Арашан айылдык кеңешинин, Кемин районунун Кемин поселкалык кеңешинин, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөрүлгөн.

Шайлоону өткөрүү үчүн “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 15 көп мандаттуу шайлоо округдары түзүлгөн.

Айылдык кеңештердин депутаттыгына 322 талапкер көрсөтүлүп, алардын ичинен 316 талапкер катталган, айылдык кеңештин депутаттыгына 6 талапкер ар кандай себептер менен катталбаган. Каттоодон өткөндөрдүн ичинен: 50 талапкер саясий партиялардан, 38 талапкер шайлоочулардын топторунан көрсөтүлгөн, 228 талапкер өзүн өзү көрсөткөндөр.

Добуш берүүгө 10 813 шайлоочу катышкан же бул шайлоочулардын жалпы санынын 53,75 % пайызын түзөт.

Шайлоолордун жыйынтыктары боюнча шайлоолордун жыйынтыктары жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдоруна ылайык айылдык кеңештердин депутаттыгына 86 талапкер шайланган.

Аймактык шайлоо комиссиялардан түшкөн протоколдордун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 24-пункттарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 40-беренесинин 4-бөлүгүнө, 62-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Аксы районунун Авлетим айылдык кеңешинин, Алай районунун Будалык айылдык кеңешинин, Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык кеңешинин, Аламүдүн районунун Арашан айылдык кеңешинин, Кемин районунун Кемин поселкалык кеңешинин, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү деп таанылсын.

2. Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо жөнүндө Аксы, Алай, Жети-Өгүз, Аламүдүн, Кемин жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдору бекитилсин.

3. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин төмөндөгүлөрү айылдык кеңештин депутаты болуп шайланды деп эсептелсин (тизме тиркелет).

Аларга белгиленген үлгүдөгү төшбелги жана күбөлүк берилсин.

4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

 

 

 ТӨРАГА                                                           Т. АБДРАИМОВ

Бишкек ш., 2012-жылдын 28-марты

№ 54

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо

жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын

2012-жылдын 28-мартындагы

№ 54 токтому менен бекитилген

 

 

Айылдык кеңештин депутаттарынын тизмеси

Аксы району

Авлетим айылдык кеңеши

 

1.         Абылкасымов Осмонбек Мамытович

2.         Анаркулов Эрмек Момункулович

3.         Мамытбеков Азатбек

4.         Калматов Кубаныч Апсаматович

5.         Алымкулов Ажибек Алишерович

6.         Чындыралиев Азамат Адылбекович

7.         Ажыбаев Абдижалил Абдыразакович

8.         Абдыраманов Акжол Абасович

9.         Атантаев Сардарбек Рахманбердиевич

10.       Тасмаев Топчубек Кубанычбекович

11.       Шабданов Кененбай Муктарович

12.       Жапашов Нуркул Жээнбаевич

13.       Жоробеков Улукманбек Ташбаевич

14.       Токтоболотов Кенжегул Эргешович

15.       Акматов Жолдошалы Урустемович

16.       Жолдошов Жеңишбек Өмүрзакович

17.       Жээнкулов Кутманалы Кулжабаевич

18.       Кожоматова Рааткан Эмилбековна

19.       Ибраимов Смайылбек

20.       Момунбеков Асанбек  Байыскулович

21.       Турсунбаев Акпаралы Ормошович

 

Алай району

Будалык айылдык кеңеши

 

1.         Чалбаев Салморбек Парыевич

2.         Журтчиев Чубак Пазылович

3.         Бакиров Таалайбек Эсенович

4.         Эгемкулов Омурбек Кучкачович

5.         Ысмаилов Кушубак Кимсанбаевич

6.         Рахматов Сагындык Бекмуратович

7.         Каримов Залкарбек Абдурасулович

8.         Асанов Урустам Осмонович

9.         Мурзакулов Нургазы Каныбекович

10.       Жанибеков Азиз Мусупович

11.       Пайизова Замира Турдубаевна

 

 Жети-Өгүз району

Оргочор айылдык кеңеши

 

1.         Мазиева Анарбубу Босалаевна

2.         Микеев Орозбек Кутманбетович

3.         Байсымаков Азамат Борколдоевич

4.         Кендирбаева Кулнур Шаршеевна

5.         Атакозуева Вадига Армияевна

6.         Асаналиев Сапарбек Сагынбекович

7.         Казиев Мирбек Мусабекович

8.         Усупбаев Асылбек Барыктабасович

9.         Токоев Канатбек Камчыбекович

10.       Орозбаков Муктарбек Касымович

11.       Суйунбаева Гулум Ишенбаевна

 

Аламүдүн району

Арашан айылдык кеңеши 

1.         Сатыбеков Султанбек Садатбекович

2.         Исаков Тугол Джумабекович

3.         Карагулов Кубанычбек

4.         Адашпасов Тюлен Аскарович

5.         Дубанаев Урмат Ишеналиевич

6.         Сармамбетов Сангытбек Асаналиевич

7.         Каргабаева Светлана Адылбековна

8.         Кожокбеков Капарбек Токтобекович

9.         Бектембаев Омор Байдылдаевич

10.       Исаков Улан Усконбаевич

11.       Кожобеков Иманбек Кадырбекович

 

Кемин району

Кемин поселкалык кенеши

 

1.         Абдывалиев Кайрат Замирбекович

2.         Абдылдаев Темирлан Искендерович

3.         Алиева Зина Садыевна

4.         Дуйшебаев Каныбек Ражапович

5.         Казакбаева Анарбубу

6.         Курманалиев Бактияр

7.         Мамыров Кубатбек Шамырбекович

8.         Муканбетов Сейтек Асангулович

9.         Сматова Гульнар Шаршеналиевна

10.       Такиев Айдар Кубанычбекович

11.       Шарипканов Аман Алмазбекович

12.       Абдыманбетов Абдыкапар Ташкенбаевич

13.       Акунова Динара Жолдошбековна

14.       Аманжолов Асылбек Качкынович

15.       Дубинина Наталья Павловна

16.       Копжашаров Кыдырбек Тологонович

17.       Кочоралиев Акылбек

18.       Омуралиев Нурбек Жылдызевич

19.       Омурбеков Мирлан Мусабекович

20.       Сайдыкулов Таалайбек Какелеевич

21.       Турдукожоев Максат Кубанычбекович

 

Ысык-Ата району

Милянфан айылдык кеңеши

 

1.         Мачан Шамиль Ламзарович

2.         Белосан Шакиржан Шабазович

3.         Мусаров Сулейман Юнусович

4.         Арсма Шалир Бехазович

5.         Чинва Рахим Мухамеевич

6.         Болода Сулейман Салирович

7.         Ким-ван-лун Равиль Сулейманович

8.         Вушьи Даур Юсузович

9.         Хахаза Рашид Керимович

10.       Бегалиев Рустам Асанбекович

11.       Губеза Нурдин Харзанович

 

 

 

 

Карап чыгуулар: (1667)