МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№56 2015-жылдын 18-майында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Тоң айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 4-майындагы № 45 токтому менен дайындалган, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Тоң айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2015-жылдын 18-майында өткөрүлгөн.

Тоң аймактык шайлоо комиссиясынан түшкөн Тоң айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. 2015-жылдын 18-майында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Тоң айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.

2. Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын Тоң айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдору бекитилсин.

3. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Тоң айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Мамбетов Болотбек Өмүрбекович табылсын.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГАНЫН

ОРУН БАСАРЫ                                                               А.ШАЙЫМКУЛОВА

 

Бишкек ш., 2015-жылдын 9-июну

№56

Карап чыгуулар: (1069)