МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№61 Чүй облусунун Москва аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын, Нарын облусунун Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын, Баткен облусунун Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Москва аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Н.Г.Маслакованын жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү М.М.Сыдыковдун жана М.С.Курамаевдин, Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Сайдалы уулу М., Иманалиев Ж.Д., Абдыракманов Р.С., Мамакеев Ш.Д., Шаршембиева Э.С., Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Бердикулов С.Т. комиссиялардын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде,  «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2,6-пункттарына, 19-беренесиндеги 16-бөлүгүнө, 22-беренесиндеги 10-бөлүкүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1.Чүй облусунун Москва аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан – “Демократикалык партия “Азаттык” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Маслакова Наталья Григорьевна чыгарылсын;

- комиссиянын курамына - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кушнарева Любовь Михайловна киргизилсин.

2. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан – “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Сыдыков Мирбек Мелисбекович; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Курамаев Максат Садырбекович чыгарылсын:

- комиссиянын курамына – “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы”  саясий партиясынан Торогелдиев Жыргалбек Кожошович; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Колбаев Бактыбек Абдыбакович киргизилсин.

3. Нарын облусунун Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан – «Ак-Шам» Жаратман мекенчилер саясий партиясынан көрсөтүлгөн Сайдалы уулу Максатбек; - “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Иманалиев Жолдошбек Дуйшоевич; -  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдыракманов Руслан Самыйбекович, Мамакеев Шаршебай Даниярович., Шаршембиева Эльзат Сейдакматовна чыгарылсын:

- комиссиянын курамына – “Республика”  саясий партиясынан Байсеркеева Елена Петровна; - Республикалык коомдук-саясий партиясы «Кыргызстан үй куруучулардын партиясынан» Султанова Дурбубу Жолдошовна; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Жапаралиева Акылай Омурбековна, Токтогулова Аймира Кедеевна, Асанова Динара Иманакуновна киргизилсин.

4. Баткен облусунун Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Бердикулов Салайдин Торокелдиевич чыгарылсын:

- комиссиянын курамына – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Нурматова Райгул Мидиновна киргизилсин.

5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                             Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2014-жылдын 24-апрели

№ 61

 

 

Карап чыгуулар: (1075)