![]() №64 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 29-апрелиндеги №59 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө |
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 29-апрелиндеги №59 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - 2-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы” деген сөздөр “Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы” деген сөздөргө алмаштырылсын; - 3-пунктундагы «үчүн» деген сөз “жана натыйжалар” деген сөздөргө алмаштырылсын. 2. Бул токтомдун көчүрмөсү аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлсүн. 3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн. ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2013-жылдын 6-майы № 64 |
Карап чыгуулар: (1254) |