![]() №65 Аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарын жана аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарын жана резервдерин түзүү жөнүндө |
Аймактык шайлоо комиссияларынын (АШК) ыйгарым укуктарынын мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын июлунда, ал эми участкалык шайлоо комиссияларынын (УШК) ыйгарым укуктары үстүбүздөгү жылдын августунда аяктайт. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын курамынын жарымы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктү органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлүүгө тийиш деп белгиленген. АШКнын жана УШКнын курамынын экинчи жарымы саясий партиялардын өкүлдөрүнөн түзүлөт. Бул Мыйзам 2011-жылдын 30-июнунан тартып күчүнө кирген. Ошондой эле АШКнын жана УШКнын курамына жана резервине талапкерлерди киргизүү үчүн көрсөтүү укугу «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-августундагы Мыйзамында жана жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйналыштарына таандык. Төмөнкүлөргө байланыштуу: -«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы шайлоо комиссиялардын түзүү маселелерин жана ишин жөнгө салган атайын мыйзам болуп саналгандыктан; -жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйналыштарынын практикасы азырынча жок жана аларды канча жолу өткөрүү жөнгө салынган эмес, ал эми Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары–Борбордук шайлоо комиссиясы) жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйналыштарын, анын ичинде шашылыш тартипте демилге кылуу ыйгарым укуктарына ээ болбогондуктан, шайлоо комиссияларынын жаңы курамдарын түзүүнү өз учурунда уюштуруу максатында, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-,6-беренелерин, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1,2,6, ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Аймактык шайлоо комиссияларынын курамдары жана резервдери «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жергиликтүү кеңештер жана саясий партиялар сунуш кылган талапкерлердин ичинен түзүлсүн. 2. Жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйналыштары сунуш кыла турган талапкерлер боюнча мыйзамдарда бекитилген тартипте сунуштар келип түшүшүнө жараша тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарын жана резервдерине киргизилсин. 3. Бул токтомдун көчүрмөсү Борбордук шайлоо комиссиясынын аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлдөрүнө жөнөтүлсүн. 4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2013-жылдын 6-майы № 65
|
Карап чыгуулар: (1775) |