![]() №66 Нарын облусунун Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын, Талас облусунун Манас аймактык шайлоо комиссиясынын, Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын, Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө |
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1, 6, 7-пункттарына, 19-беренесинин 6, 7-бөлүктөрүнө, 22-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1-пунктуна, 10-бөлүктүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө Жобого, БШКнын 2011-жылдын 18-октябрындагы №375 токтому менен бекитилген Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобого ылайык, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Терек айылдык кеңешинин 2012-жылдын 6-ноябрындагы № 5-1 токтомунун, А.С. Касмалиеванын, Т.А. Рысбаевдин, Н.М. Назековдун, Б.Д. Джакыповдун, Т.К. Керимбековдун, С.М. Торобековдун, Э.К. Сасыкулованын, Т.И. Мамбеталиевдин, М.С. Турдукеевдин, К. Кадыракуновдун, С. Курмановдун, А.Ш. Чекаеванын, Б.А.Маметованын, Ж.С. Кожомкулованын арыздарынын, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын сунуштамасынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын резервинин курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан: Туюналиева Рыскул Суранчиевна, Жылтыров Урмат Жаныбаевич, Боталиев Акылбек Жумабаевич киргизилсин. 2. Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан - Касымалиева Аманат Самудиновна чыгарылсын. 3. Нарын облусунун Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен «Улуу Биримдик» улутчул-демократиялык партиясы” саясий партиясынан Рысбаев Топчубек Акимжанович чыгарылсын. 4. Талас облусунун Манас аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен “Партия Зеленых Кыргызстана” саясий партиясынан Назеков Нурбек Молдошович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан - Джакыпов Бактыбек Джолчубекович, Керимбеков Таалайбек Кировбекович, Торобеков Сабит Мухаметжанович чыгарылсын. 5. Ысык-Көл облусунун Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен «Каганат» саясий партиясынан - Сасыкулова Эркингул Курманкуловна; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан - Мамбеталиев Талайбек Ишенбаевича, Турдукеев Мырзабек Сулайманович, Кадыракунов Курманжан, Курманов Суйундук, Чекаева Анаркуль Шакеновна чыгарылсын. 6. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - курамынан комиссиянын төмөнкү мүчөлөрү чыгарылсын: жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан - Бисипкан кызы Асель, Исмаилов Майрамбек Асанбаевич, Кыдыралиева Анаркул Бейшеновна; - комиссиянын курамына резервден төмөнкүлөр киргизилсин: жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан - Садыбакова Айгуль Турсунбаевна, Жумадылов Каныбек Кудашович, Тукеев Бакыт Амантурович. 7. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан - Маметова Бурул Амалбековна, Назаралиева Гумайра Эсенгуловна чыгарылсын. 8. Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - курамынан комиссиянын мүчөсү «Кыргызстан уй куруучулардын партиясы» Республикалык коомдук-саясий партиясынан (комиссиянын катчысы) Кожомкулова Жыпаркул Сейтказиевна чыгарылсын; - комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан - Боярская Галина Михайловна киргизилсин. 9. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана БШКнын расмий сайтына жайгаштырылсын. 10. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2013-жылдын 6-майы № 66
|
Карап чыгуулар: (1108) |