МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№68 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын – айыл өкмөттөрдүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
6-беренесиндеги 5-пунктка, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын – айыл өкмөттөрдүн башчыларын шайлоо 2013-жылдын 

23-майына дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын – айыл өкмөттөрдүн башчыларын шайлоону өткөрүү графиги бекитилсин (тиркелет).

3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                         Т. АБДРАИМОВ

 Бишкек ш., 2013-жылдын 6-майы

 № 68

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 

2013-жылдын 6-майындагы
№ 68 токтомуна тиркеме

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын –айыл өкмөттөрдүн башчыларын шайлоону өткөрүү графиги

 

Катар № 

Айыл өкмөттөрдүн аталышы

Шайлоону өткөрүү датасы

Жалал-Абад облусу  

Ала-Бука район

 

Өрүктү

   23.05. 2013-ж.

 

Биринчи Май

23.05. 2013-ж.

Базар-Коргон району

 

Могол

   23.05. 2013-ж.

 

Кызыл-Үңкүр 

   23.05. 2013 –ж.

Тогуз-Торо району

 
 

Кара-Суу

23.05. 2013 –ж.

Чүй облусу

Аламүдүн району

 

Нижне Аларча 

   23.05. 2013-ж.

Ысык-Ата району

 

Бирдик   

   23.05. 2013-ж.

 

Кең-Булун 

   23.05. 2013-ж.

Жайыл району

 

Кызыл-Дыйкан

   23.05. 2013 –ж.

 Баткен облусу

 Кадамжай району

 

 Марказ 

  23.05. 2013 –ж.

 

Халмион 

   23.05. 2013 –ж.

Ош облусу 

 Алай району

 

 Бүлөлү

       23.05. 2013 –ж.

Чоң-Алай району

 

Кашка-Суу 

   23.05. 2013-ж.

Талас облусу 

 Манас  району

 

 Кыргызстан

       23.05. 2013-ж.

Ысык-Көл облусу  

 Ысык-Көл  району

 

 Ананьево 

       23.05. 2013-ж.

 

 

Карап чыгуулар: (1381)