![]() №68 2014-жылдын 20-апрелиндеги Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Арт, Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Казыбек, Жумгал районундагы Көк-Ой айылдык кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралу протоколдорду бекитүү жөнүндө | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 7-мартындагы №53 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Арт, Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Казыбек, Жумгал районундагы Көк-Ой айылдык кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2014-жылдын 20-апрелинде өткөрүлдү. Шайлоону өткөрүү үчүн, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин аймагында 5 көп мандаттуу шайлоо округу жана 5 шайлоо участоктору, Ат-Башы районундагы Казыбек айылдык кеңешинин аймагында 2 көп мандаттуу шайлоо округу жана 2 шайлоо участоктору, Жумгал районундагы Көк-Ой айылдык кеңешинин аймагында 2 көп мандаттуу шайлоо округу жана 3 шайлоо участоктору түзүлгөн. Сузак районунун Көк-Арт айылындагы №2064 “М.Орозалиева”, Жумгал районунун Көк-Ой айылындагы №4121 “Көк-Ой” шайлоо участкаларында “УШКнын мүчөлөрү шайлоо бюллетендерин саноодо байкоочулардын бир нече эскертүүлөрүнө карабастан бюллетендерди көргөзбөстөн же даана көрүнбөгөн абалда санаган жана жыйынтыгында шайлоонун жыйынтыгы боюнча протоколдордо талапкерлерге берилген добуштар дал келбейт, күмөнүбүз бар, ошол себептен ушул шайлоо участкаларындагы добуштарды кайра саноо жүргүзүүнү суранышкан” кайрылуулар менен талапкерлер жана алардын байкоочулары кайрылышкан. Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиялары түшкөн кайрылууларды карап, №2064, №4121 шайлоо участкаларында кайроо саноо жүргүзүү чечимдерин кабыл алышкан. Жумгал районундагы №4121 “Көк-Ой” шайлоо участкасында добуштарды кайра саноо Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн катышуусунда 2014-жылдын 25-апрелинде жүргүзүлгөн. Натыйжада, талапкерлерге берилген добуштардын айырмачылыгы шайлоонун жыйынтыгына таасир эткен эмес. Сузак районундагы №2064 “М.Орозалиева” шайлоо участкасында добуштарды кайра саноо Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн катышуусунда 2014-жылдын 26-апрелинде жүргүзүлгөн. Натыйжада, талапкерлерге берилген добуштардын айырмачылыгы шайлоонун жыйынтыгына таасир эткен эмес. Ат-Башы районундагы Казыбек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо, добуш берүүнүн жүрүшү жана жыйынтыгына байланышкан арыз даттануулар түшкөн эмес. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө келип түшкөн протоколдорго негизденип, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренсинин 4, 6-бөлүгүнө, 40-беренесиндеги 4-бөлүгүнө, 62-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Арт, Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Казыбек, Жумгал районундагы Көк-Ой айылдык кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2014-жылдын 20-апрелинде өттү деп таанылсын. 2. Сузак районундагы Көк-Арт, Ат-Башы районундагы Казыбек, Жумгал районундагы Көк-Ой айылдык кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин. 3. Сузак районундагы Көк-Арт, Ат-Башы районундагы Казыбек, Жумгал районундагы Көк-Ой айылдык кеңештеринин депутаттыгына төмөнкү талапкерлер шайланган депутаттар деп таанылсын (тиркеме тиркелет). 4. Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин. 5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 30-апрели №68
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 30-апрелиндеги № 68 токтомуна тиркеме
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарынын тизмеси.
Жалал-Абад облусу Сузак району Кок-Арт айылдык кенңеши «Ш.Кенжекулов» 2 мандаттуу округ боюнча
“Кок-Арт гимназия” 6 мандаттуу округ боюнча
“М.Орозалиева” 7 мандаттуу округ боюнча
“Торогелдиев” 3 мандаттуу округ боюнча
“Мазар-Булак” 3 мандаттуу округ боюнча
Нарын облусу Ат-Башы району Казыбек айылдык кеңеши “Казыбек” 9 мандаттуу округ боюнча
“Жаны-Куч” 2 мандаттуу округ боюнча
Жумгал району Көк-Ой айылдык кеңеши “Көк-Ой” 9 мандаттуу округ боюнча
“Эмел-Арал” 2 мандаттуу округ боюнча
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Карап чыгуулар: (1274) |