№70 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э. Эрматовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Э. Эрматовду Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы болуп дайындалгандыгы жөнүндө 2013-жылдын 29-апрелиндеги ПЖ № 94 Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренсиндеги 3-бөлүктүн 3-пунктка, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесиндеги 4-бөлүктүн 6-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. “Кыргызстан социалисттик-демократиялык партиясы” саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган Эрматов Эгембердинин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун. 2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Эрматов Эгембердинин № 009 күбөлүгү жаарксыз деп табылсын. 3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн 5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2013-жылдын 13-майы № 70 |
Карап чыгуулар: (2203) |