МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№71 2014-жылдын 28-апрелинде өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2014-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 13-мартындагы № 57 токтому менен дайындалган Баткен облусундагы Лейлек районунун Ак-Суу, Ош облусундагы Араван районунун Керме-Тоо, Чүй облусундагы Кемин районунун Алмалуу, Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап, Ак-Тал айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өткөрүлдү.

Лейлек, Араван, Кемин, Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-, 24-пункттарына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.2014-жылдын 28-апрелинде болуп өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо өттү деп табылсын (1-тиркеме).

2.Шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдору бекитилсин.

3. Төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп эсептелсин (2-тиркеме).

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                   Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2014-жылдын 16-майы

№ 71

 

 

 Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум өткөрүү

боюнча борбордук комиссиясынын

 2014-жылдын 16-майындагы 

 № 71 токтомунун 1-тиркемеси

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын тизмеси

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы

Шайлоо өткөрүлгөн күнү

Баткен облусу

Лейлек району

  •  
  • Ак-Суу

    28.04.2014

    Ош облусу

    Араван району

  •  
  • Керме-Тоо

    28.04.2014

    Чүй облусу

    Кемин району

  •  
  • Алмалуу

    28.04.2014

    Нарын облусу

    Ак-Талаа району

  •  
  • Жаңы-Талап

    28.04.2014

  •  
  • Ак-Тал

    28.04.2014

           

     

     Кыргыз Республикасынын

    Шайлоо жана референдум өткөрүү

    боюнча борбордук комиссиясынын

     2014-жылдын 16-майындагы 

     № 71 токтомунун 2-тиркемеси

     

    Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларынын тизмеси

    Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы

    Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын шайланган башчысынын ФАЖ

     

    Шайлоо өткөрүлгөн күнү

    Баткен облусу

    Лейлек району

    1.

    Ак-Суу

    Халмуратов Алымбек Турдыбаевич

    28.04.2014

    Ош облусу

    Араван району

    2.

    Керме-Тоо

    Гулжигитов Суюнбай Турдиевич

    28.04.2014

    Чүй облусу

    Кемин району

    3.

    Алмалуу

    Абдинасиров Данияр Адылбекович

    28.04.2014

    Нарын облусу

    Ак-Талаа району

    4.

    Жаңы-Талап

    Жусупжанов Улукбек Оболбекович

    28.04.2014

    5.

    Ак-Тал

    Аалыбаев Рахат Алманбетович

    28.04.2014

               

     

     

    Карап чыгуулар: (1261)