МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№74 Ош облусунун Араван, Кара-Кулжа, Ноокат; Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр, Кара-Көл; Чүй облусунун Москва, Жайыл; Нарын облусунун Ат-Башы; Баткен облусунун Баткен; Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарынан жана резервдеринен  чыгаруу жөнүндө К.М.Эргешбаеванын, Ж. Козубаевдин, И.О. Сатыбаевдин, А.М. Калмуратованын, Т. Мейманалиевдин, Ж.А. Карабаевдин, Ж.К. Торогелдиевдин, А.А. Момуновдун, А.Т. Суеркуловдун, К.К. Мусаевдин, Л.М. Кушнареванын, К.Т. Орокеевдин, Ж. Октябровдун, Р. Латыпованын, Т.М. Акматовдун арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2,6,7-пункттарына, 19-беренесинин 16-пунктуна, 22-беренесиндеги 10-бөлүкүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө» жобосуна,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1.Ош облусунун Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан чыгарылсын: Эргешбаева Калба Маматовна - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;

- комиссиянын резервинен чыгарылсын: Козубаев Жанибек - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;

- комиссиянын курамына резервден киргизилсин: Тургунбаева Бактыгуль Зулумовна - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.

2. Ош облусунун Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан чыгарылсын: Сатыбаев Ибраим Омошович - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;

- комиссиянын курамына резервден киргизилсин: Макешева Гулай - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.

3. Ош облусунун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен чыгарылсын: Калмуратова Айкыз Маматовна - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.

4. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан чыгарылсын: Мейманалиев Тойчубай - «Кыргызстан уй куруучулардын партиясы» Республикалык коомдук-саясий партиясынан; Карабаев Жусупбек Аскарович жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;

- комиссиянын резервинен чыгарылсын: Момунов Акималы Аскерович жана Суеркулов Алымжан Талканбаевич - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;

- комиссиянын курамына резервден киргизилсин: Чокморова Айзат Омуралиевна - «Ата-Мекен» саясий Социалисттик партиясынан; Шаматов Сарымсак Боронович - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.

5. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан чыгарылсын: Торогелдиев Жыргалбек Кожошович – “Кыргызстандын Социалисттик-демократиялык партиясы” саясий партиясынан;

- комиссиянын курамына резервден киргизилсин: Максутов Суюнбек Ахунович - «Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы» саясий партиясынан.

6.Чүй облусунун Москва аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан чыгарылсын: Мусаев Калыбек Куменович - “Кыргызстандын Социалисттик-демократиялык партиясы” саясий партиясынан; Кушнарева Любовь Михайловна - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;

- комисиянын курамына резервден киргизилсин: Эсеналиев Рустамбек Абдыраевич жана Узбеков Канатбек Дженишбекович - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.

7. Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан чыгарылсын: Орокеев Канатбек Танчубекович - «Улуттар биримдиги» Элдик партиясы” саясий партиясынан”

- комиссиянын курамына резервден киргизилсин: Чернова Татьяна Владимировна - «Туран» Демократиялык партиясы” саясий партиясынан.

8. Нарын облусунун Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан чыгарылсын: Октябров Жумадил - «Азаттык» Демократиялык партиясы” саясий партиясынан;

- комиссиянын курамына резервден киргизилсин: Бакелов Темирбек - “Кыргызстандын Социалисттик-демократиялык партиясы” саясий партиясынан.

9. Баткен облусунун Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан чыгарылсын: Латыпова Рахиля - «Туран» Демократиялык партиясы” саясий партиясынан;

- комиссиянын курамына резервден киргизилсин: Бегматова Мамлакат Шакировна - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.

10. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан чыгарылсын: Акматов Таалайбек Мусапырович - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;

- комиссиянын курамына резервден киргизилсин: Мамбеталиев Назарбек Жумабаевич - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.

11. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                     Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2014-жылдын 27-майы

№74

 

Карап чыгуулар: (1026)