МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№75 2014-жылдын 7, 14 жана 19 майында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 7-майында жана Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан, Чүй облусунун Кемин районунун Ак-Туз, Нарын облусунун Нарын районунун Учкун  айыл өкмөттөрүнүн   башчыларын  шайлоо 2014-жылдын 14-майында өткөрүлгөн; Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 30-апрелиндеги № 66 токтому менен дайындалган Талас облусунун Талас районунун Арал, Баткен облусунун Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2014-жылдын 19-майында өткөрүлгөн.

Кадамжай, Кемин, Нарын, Талас жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынан түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жылдын 7, 14, 19-майында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо өттү деп табылсын (1-тиркеме).

2. Шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдору бекитилсин.

3. 2-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп табылсын.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

 

  ТӨРАГА                                                           Т. АБДРАИМОВ

 

 Бишкек ш., 2014-жылдын 27-майы

 №75

 

 Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум өткөрүү

боюнча борбордук комиссиясынын

 2014-жылдын 27-майындагы 

 № 75 токтомунун 1-тиркемеси

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын тизмеси

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы

Шайлоо өткөрүлгөн күнү

Баткен облусу

Кадамжай району 

  •  
  • Майдан

    2014-жылдын 7 майы

    Чүй облусу

     Кемин району

  •  
  • Ак-Туз

    2014-жылдын 14-майы

    Нарын облусу

    Нарын району

  •  
  • Учкун

    2014-жылдын 14-майы

    Талас облусу

    Талас району

  •  
  • Арал

    2014-жылдын 19-майы

    Баткен облусу

    Баткен району

  •  
  • Төрт – Гүл

    2014-жылдын 19-майы

     

     

    Кыргыз Республикасынын

    Шайлоо жана референдум өткөрүү

    боюнча борбордук комиссиясынын

     2014-жылдын 27-майындагы 

     № 75 токтомунун 2-тиркемеси

     

    Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларынын тизмеси

     

    Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы

    Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын шайланган башчысынын ФАЖ

     

    Шайлоо өткөрүлгөн күнү

    Баткен облусу

    Кадамжай району

    1.

    Майдан

    Жусупова Айнагул Дыйканбаевна

    2014-жылдын 7-майы

    Чүй облусу

    Кемин району

    2.

    Ак-Туз

    Акматов Канатбек Капарович

    2014-жылдын 14-майы

    Нарын облусу

    Нарын району

    3.

    Учкун

    Мокеев Жетиген Чортонович

    2014-жылдын 14-майы

    Талас облусу

    Талас району

    4.

    Арал

    Тайтаков Бакберди Торокулович

    2014-жылдын 19-майы

    Баткен облусу

    Баткен району

    5.

    Төрт - Гүл

    Артыков Наби Эркебаевич

    2014-жылдын 19-майы

     

    Карап чыгуулар: (1603)