МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№76 Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу айыл өкмөт башчысын кайра шайлоону жана Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 24-апрелиндеги №62 токтому менен Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу айыл өкмөт башчысын шайлоо 2014-жылдын 14-майына дайындалган. Аталган айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна үч талапкер катталган. Шайлоо эки турда өтүп, натыйжада катталган бир да талапкер, депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калышкан.

Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 20-майындагы № 77 буйругу менен Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысы Оморов А.О. өзүнүн берген арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын          6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2014-жылдын 11-июнуна тиркемеге ылайык дайындалсын.

2. Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2014-жылдын 16-июнуна тиркемеге ылайык дайындалсын.

3. Чаткал, Москва аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.

4.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                     Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2014-жылдын 27-майы

№76

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум

өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын

2014-жылдын 27-майындагы № 76 токтомуна тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органынын башчыларын шайлоороду өткөрүүнүн графиги

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын аталышы

Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысын шайлоо датасы жана убактысы

Чүй облусу

Москва району

1.

Ак-Суу

11.06.2014-ж., саат 10-00

Жалал-Абад облусу

Чаткал району

2.

Сумсар

16.06.2014-ж., саат 14-00

 

 

 

 

 

 

Карап чыгуулар: (1262)