![]() №79 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө | |||||||||||||||
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 16-майындагы № 70 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо тийиштүү сандагы депутаттардын катышпагандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн башчысы шайланган эмес. Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 3-июнундагы № 149-р буйругу менен Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Майгулаков М.Э. өзүнүн берген арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөт башчысын кайра шайлоо мурда каттоодон өткөн талапкерлердин катышуусу менен 2014-жылдын 1-июлуна тиркемеге ылайык дайындалсын. 2.Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2014-жылдын 4-июлуна тиркемеге ылайык дайындалсын. 3.Жумгал, Сокулук аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун. 4.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 5.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 17-июну № 79
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 17-июнундагы № 79 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органынын башчыларын шайлоолорду өткөрүүнүн графиги
| |||||||||||||||
Карап чыгуулар: (1555) |