МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№80 Төлөйкөн айылдык кеңешинин 8 мандаттуу Учар шайлоо округу боюнча, Жоош айылдык кеңешинин 5 мандаттуу Мамажанов шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоо жагынан Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 10-майындагы № 27/26 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө

Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 10-майындагы № 27/26 чечими менен 2012-жылдын 25-ноябрында болуп өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого мурда катышпаган төмөнкү депутаттыкка талапкерлер 2013-жылдын 26-майына дайындалган Төлөйкөн айылдык кеңешине кайра шайлоого 8 мандаттуу Учар шайлоо округу боюнча катышуу үчүн катталган: Атазаков Нургазы Арзыбаевич, Кадиркулов Манас Абдуллаевич, Копанов Кубанычбек Жакыпович, Ормонов Алмазбек Каныбекович, Ходжаев Замирбек Колдошевич, Эркемурат уулу Тимур. 2012-жылдын 25-ноябрында болуп өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого мурда катышпаган Баймурзаев Сагынбек Мурзабекович Жоош айылдык кеңешинин 5 мандаттуу Мамажанов шайлоо округу боюнча катталган.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1, 2, 10-пункттарына, 2-бөлүктүн 4, 5-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 8 мандаттуу Учар шайлоо округу боюнча: Атазаков Нургазы Арзыбаевичти, Кадиркулов Манас Абдуллаевичти, Копанов Кубанычбек Жакыповичти, Ормонов Алмазбек Каныбековичти, Ходжаев Замирбек Колдошевичти, Эркемурат уулу Тимурду жана 5 мандаттуу Мамажанов шайлоо округу боюнча Баймурзаев Сагынбек Мурзабековичти депутаттыкка талапкер кылып каттоо жагынан Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 10-майындагы № 27/26 чечими жокко чыгарылсын.

2. Бул токтомдун көчүрмөсү Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                             Т.АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2013-жылдын 15-майы

№ 80


Карап чыгуулар: (1116)