МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№81 Кара-Кулжа айылдык кеңешинин 6 мандаттуу Биймырза шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоо жагынан Ош облусунун Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 8-майындагы № 11 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө

Ош облусунун Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 8-майындагы № 11 чечими менен 2012-жылдын 25-ноябрында болуп өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого мурда катышпаган төмөнкү депутаттыкка талапкерлер 2013-жылдын 26-майына дайындалган Кара-Кулжа айылдык кеңешине кайра шайлоого катышуу үчүн 6 мандаттуу Биймырза шайлоо округу боюнча катталган: Адамбаев Сейитказы Абабакирович, Алмазбек уулу Нурислам, Джапаркулова Зумураткан  Абдилазизовна, Жоомартов Расул Жолдубаевич, Калчаев Алтынбек Иминакунович, Матмусаев Нурланбек Касымович, Насирдинов Кадырали Маматазизович.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1, 2, 10-пункттарына, 2-бөлүктүн 4, 5-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 6 мандаттуу Биймырза шайлоо округу боюнча: Адамбаев Сейитказы Абабакировичти, Алмазбек уулу Нурисламды, Джапаркулова Зумураткан Абдилазизовнаны, Жоомартов Расул Жолдубаевичти, Калчаев Алтынбек Иминакуновичти, Матмусаев Нурланбек Касымовичти, Насирдинов Кадырали Маматазизовичти депутаттыкка талапкер кылып каттоо жагынан Ош облусунун Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 8-майындагы № 11 чечими жокко чыгарылсын.

2. Бул токтомдун көчүрмөсү Ош облусунун Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                           Т.АБДРАИМОВ

Бишкек ш., 2013-жылдын 15-майы

№ 81

 

Карап чыгуулар: (1518)