МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№84 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын айрым токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө

2013-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары –БШК) “Мөөнөтүнөн мурда таркатылган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү жөнүндө” № 59 токтому кабыл алынган жана 2013-жылдын 6-майындагы № 64 токтому менен ага өзгөртүүлөр киргизилген.

№ 59 токтомдун преамбуласында БШКнын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти бир катар жергиликтүү кеңештерди таркатып, ошол эле учурда ушул жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындагандыгы көрсөтүлгөн. Республиканын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын өткөн шайлоо практикасы айылдык кеңештердин айрым депутаттары ошондой эле саясий партиялардан жана депутаттардын фракцияларынан көрсөтүлгөн шаардык кеңештердин депутаттары жергиликтүү кеңешти таркатууга жетишүү же аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна белгилүү бир талапкерди шайлоого жол бербөө үчүн шаарлалардын мэрлерин жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону атайын үзгүлтүккө учуратып жатышкандыгын көрсөттү.

Ошондой эле № 59 токтом мөөнөтүнөн мурда таркатылган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо процессинин өзгөчөлүктөрү шайлоо мыйзамдарында атайын ченемдер түрүндө көрсөтүлбөгөндүктөн, бирок БШКга шайлоо укуктарын жана шайлоонун тең шарттарын камсыз кылуу боюнча, ошондой эле шайлоо эркиндигин кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөөгө контролдук кылуу боюнча маселелер жүктөлгөндүгүнө байланыштуу жана депутаттардын жергиликтүү кеңештин таркатылышына жана мамлекеттин бюджетине каралбаган жүктү алып келген атайын аракеттери үчүн жоопкерчилик маселелерин жөнгө салуу максатында кабыл алынган.

Көрсөтүлгөн токтомдор БШК тарабынан “Жергиликтүү кеңештердиндепутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесинин окшоштугун колдонуу менен мөөнөтүнөн мурда таркатылган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо тартибин жөнгө салуу маселесиндеги боштуктарды толуктоо максатында кабыл алынган.  БШКнын № 59 токтомун колдонуу, иш аракеттери   жергиликтүү кеңештердин мөөнөтүнөн мурда таркатууга негиз болгон депутаттардын дүркүрөгөн реакциясына алып келди. 

БШКга жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу ассоциацияларынан, саясий партиялардан жана Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынан көптөгөн кайрылуулар келип түштү.

БШК:

- бул маселе укуктук жактан так жөнгө салынышы керек деген пикиринде калып;

- ушул маселе боюнча БШК дарегине келип түшкөн көптөгөн кайрылууларды эске алып;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын көп сандагы кайра шайлоолор менен айкалышкан мөөнөтүнөн мурда таркатылган депутаттарын учурдагы шайлоодо каттоодон баш тартуудан чыга турган терс кесепеттерге жана көйгөйлөрдүн пайда болушуна жол бербөө тууралу кайрылуусун көңүлгө алып,

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 106-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4,6,7,18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. БШКнын 2013-жылдын 29-апрелиндеги № 59 жана 2013-жылдын 6-майындагы № 64 токтомдору жокко чыгарылсын.

 2.  Бул токтомдун көчүрмөсү аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлсүн.

 3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана БШКнын расмий сайтына жайгаштырылсын.

 4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети БШКнын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                           Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2013-жылдын 21-майы

№ 84

Карап чыгуулар: (1717)