МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№86 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын айрым токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары-Борбордук шайлоо комиссиясы) 2013-жылдын 21-майындагы №84 токтомунун негизинде Борбордук шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 29-апрелиндеги №59 жана 2013-жылдын 6-майындагы №64 токтомдору жокко чыгарылган. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 106-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Борбордук шайлоо комиссиясынын төмөнкү токтомдору жокко чыгарылсын:

- 2013-жылдын 13-майындагы №75 “Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 2- жана 3-майындагы чечимдерин жокко чыгаруу жөнүндө”;

- 2013-жылдын 15-майындагы №78 “Аракеттери Ак-Таш айылдык кеңешин мөөнөтүнөн мурда таркатуу үчүн негиз болгон депутаттыкка талапкерлерди каттоо жагынан Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 10-майындагы №27/26 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө”.

2. Бул токтомдун көчүрмөсү тийиштүү аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

            ТӨРАГА                                                                                          Т. АБДРАИМОВ 

Бишкек ш., 2013-жылдын 23-майы

№86

Карап чыгуулар: (1245)