![]() №87 2014-жылдын 16-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө |
2014-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 27-майындагы № 76 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлдү. Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-, 24-пункттарына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.1. Шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору бекитилсин.
1.2. Ботобеков Осмонбек Кутманович Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 4-июлу № 87
|
Карап чыгуулар: (1234) |