![]() №88 Ош облусунун Ноокат районунун Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө |
Ош облусунун Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 2-июлундагы № 139-б буйругу менен Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Осмонов К.К. өзүнүн берген арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Ноокат районунун Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2014-жылдын 23-июлуна саат 10-00 дайындалсын. 2. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун. 3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 4-июлу № 88 |
Карап чыгуулар: (1785) |