МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№88 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.К. Нышановду каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына  К.И. Султановдун “Ата-Мекен” социалисттик саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмесинен (№ 21) чыгаруу жөнүндө келип түшкөн арызынын негизинде, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн  2, 25-пункттарына,  “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Ата-Мекен” социалисттик саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө К.И. Султановдун арызы канааттандырылсын.

2. Нышанов Сайдулла Канболотович “Ата-Мекен” социалисттик саясий партиясынын талапкерлердин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталсын.

3. “Ата-Мекен” социалисттик саясий партиясынын талапкерлердин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутаты Нышанов Сайдулла Канболотовичке белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин. 

4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

6. Бул   токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С. Султановго жүктөлсүн.

 

            ТӨРАГА                                                                                         Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2012-жылдын 25-июну

№ 88

Карап чыгуулар: (2053)