![]() №90 Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу прокотолдорду бекитүү жөнүндө |
2013-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 6-майындагы № 67 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өткөрүлдү. Аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн ТОКТОМ КЫЛАТ: 1.2013-жылдын 20-майындагы Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү деп табылсын. Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралу протоколдору бекитилсин. 2.Болотбеков Курманбек Борошевич Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп эсептелинсин. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин. 3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 29-майы |
Карап чыгуулар: (1272) |