![]() №91 Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоосунда № 5245 «Учар», №5550 «Жапалак», №5247 «Дыйкан-Кыштак-1», №5248 «Дыйкан-Кыштак-2», №5513 «Дыйкан-Кыштак-3» шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана «Учар», «Дыйкан-Кыштак» шайлоо округдарынын натыйжаларын жараксыз деп таануу жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ №65-Жарлыгы менен Ош областынын Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоосу 2014-жылдын 18-майына дайындалган. Ош областынын Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин шайлоосун өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык 4 көп мандаттуу округдары жана 8 шайлоо участкалары түзүлгөн. 2014-жылдын 18-майында, №5247 «Дыйкан-Кыштак-1», №5248 «Дыйкан-Кыштак-2», жана № 5513 «Дыйкан-Кыштак-3» шайлоо участкаларында участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү тарабынан шайлоочулардын шайлоо укуктары кемсинтилип жана жергиликтүү жамааттын мүчөсү эмес башка адамдар шайлоого катышкандыгы жөнүндө фактылар тууралуу Дыйкан-Кыштак айылынын жашоочуларынан белгиленген тартиптерди сактоо менен арыздар түшкөн. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 27-майындагы №9 чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнөн жана аппараттын кызматкерлеринен түзүлгөн курамдагы жумушчу топ талапкерлердин, алардын өкүлдөрүнүн, Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана участкалык шайлоо комиссиясынын катышуусу менен №5243 «Озгур», № 5244 «Төлөйкөн», № 5245 «Учар», № 5246 «Кыргызстан», № 5247 «Дыйкан-Кыштак–1», № 5248 «Дыйкан-Кыштак-2», № 5513 «Дыйкан-Кыштак-3», № 5550 «Жапалак» шайлоо участкаларынын шайлоо документтери ачылып, добуш берген шайлоочулардын тизмелеринин абалын изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарынын шайлоосунда катышкан шайлоочулардын тизмелерин саноо жүргүзүлгөндөн кийин, шайлоонун жыйынтыктары боюнча протоколдо белгиленген маалыматтардан айырма табылган жок. Ошону менен бирге, шайлоочулардын тизмелерин текшерүү учурунда бири-бирине окшош же добуш берген 205 шайлоочулардын окшош кол тамгалары коюлган фактылар табылган, анын ичинде № 5245 «Учар»-88, № 5513 «Дыйкан-Кыштак-3» - 83, № 5550 «Жапалак»-12, № 5248 «Дыйкан-Кыштак-2»-11, № 5247 «Дыйкан-Кыштак–1» -7 учурлары болгон. Бишкек шаардык ИИББнын эксперттик-криминалисттик бөлүмү тарабынан шайлоочулардын коюлган кол тамгаларын аныктоо иштерин жүргүзүү учурунда № 5245 «Учар» жана № 5513 «Дыйкан-Кыштак-3» шайлоо участкаларында 380 жана 359 кол тамгалар, бир нече адамдар тарабынан кайталанып коюлганы аныкталган. Ошол эле мезгилде, 2012-жылдан баштап 2014-жылынын 18-майына чейин № 5513 «Дыйкан-Кыштак-3» шайлоо участкасынын аймагында жашаган шайлоочулардын өлкөнүн аймагынан чыгып жана кайра кайтып келбегендери боюнча маалымат Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынан алынган. Текшерүү жүргүзүү учурунда, бир эле шайлоо участкасында ушундай 72 жаран аныкталган, алар добуш бергендердин катарында болгондугу белгиленген. 2014-жылдын 18-майында болуп өткөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарынын шайлоосунда шайлоочуларынын тизмелеринин абалын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Жумушчу топтун маалымат катынын жана Бишкек шаардык ИИББнын эксперттик-криминалисттик бөлүмүнүн корутундусунун, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматтарынын, ошондой эле, добуш берүүнүн жыйынтыктары жана натыйжалары боюнча протоколдорунун негиздеринде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесинин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелеринин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 37, 38, 40-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош областынын Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 21-майындагы №37 чечиминин № 5245 «Учар», № 5550 «Жапалак», № 5247 «Дыйкан-Кыштак-1», № 5248 «Дыйкан-Кыштак-2», № 5513 «Дыйкан-Кыштак-3» шайлоо участкаларында шайлоонун жыйынтыктары таанылсын деген бөлүгү жана Ош областынын Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кенешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо «Учар» жана «Дыйкан-Кыштак» шайлоо округдары боюнча шайлоонун натыйжалары жокко чыгарылсын. 2. № 5245 «Учар», № 5550 «Жапалак», № 5247 «Дыйкан-Кыштак-1», № 5248 «Дыйкан-Кыштак-2», № 5513 «Дыйкан-Кыштак-3» шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жана Ош областынын Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо «Учар» жана «Дыйкан-Кыштак» шайлоо округдары боюнча шайлоонун натыйжалары жараксыз деп табылсын. 3. № 5245 «Учар», № 5550 «Жапалак», № 5247 «Дыйкан-Кыштак-1», № 5248 «Дыйкан-Кыштак-2» жана № 5513 «Дыйкан-Кыштак-3» участкалык шайлоо комиссиялары таркатылсын. 4. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына № 5245 «Учар», № 5550 «Жапалак», № 5247 «Дыйкан-Кыштак-1», № 5248 «Дыйкан-Кыштак-2» жана № 5513 «Дыйкан-Кыштак-3» участкалык шайлоо комиссияларынын жаңы курамын мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте түзүү тапшырылсын. 5. № 5245 «Учар», № 5550 «Жапалак», № 5247 «Дыйкан-Кыштак-1», № 5248 «Дыйкан-Кыштак-2» жана № 5513 «Дыйкан-Кыштак-3» шайлоо участкаларында шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча жана мыйзам бузууларга жол берген адамдарга карата тиешелүү чараларды көрүү үчүн материалдар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлсүн. 6. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин «Учар» жана «Дыйкан-Кыштак» шайлоо округдары боюнча депутаттарын кайра шайлоону дайындоо сунушу менен Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылсын. 7. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 8. Бул токтомдун аткарылышын контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2014-жылдын 4-июлу № 91
|
Карап чыгуулар: (1362) |