МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№91 2013-жылдын 23-майында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 6-майындагы №68 токтому менен дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын – Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Өрүктү, Биринчи Май айыл өкмөттөрүнүн, Базар-Коргон районундагы Могол, Кызыл-Үңкүр айыл өкмөттөрүнүн, Тогуз-Торо районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Нижняя-Аларча айыл өкмөтүнүн, Ысык-Ата районундагы Бирдик, Кең-Булуң айыл өкмөттөрүнүн, Ош облусунун Алай районундагы Бүлөлү айыл өкмөтүнүн, Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо 2013-жылдын 23-майында өткөрүлдү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.2013-жылдын 23-майындагы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Өрүктү айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Өрүктү айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилсин.

2.2013-жылдын 23-майындагы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилсин.

3.2013-жылдын 23-майындагы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Могол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Могол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилсин.

4.2013-жылдын 23-майындагы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилсин.

5.2013-жылдын 23-майындагы Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилсин.

6.2013-жылдын 23-майындагы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Нижняя-Аларча айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Нижняя-Аларча айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилсин.

7.2013-жылдын 23-майындагы Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Бирдик айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Бирдик айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилсин.

8.2013-жылдын 23-майындагы Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилсин.

9.2013-жылдын 23-майындагы Ош облусунун Алай районундагы Бүлөлү айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

Ош облусунун Алай районундагы Бүлөлү айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилсин.

10.2013-жылдын 23-майындагы Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилсин.

11.Төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп эсептелсин (тизмеси тиркелет).

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

12.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

13.Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                             Т.АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2013-жылдын 29-майы

№ 91

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын

2013-жылдын 29-майындагы

№ 91 токтомунун

тиркемеси

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун

аткаруу органдарынын шайланган башчыларынын тизмеси

 

Катар

Аткаруу органынын аталышы  

Шайланган башчынын Ф.А.Ж.

Жалал-Абад облусу

Ала-Бука району

 

1.

Өрүктү

Алчынбаев Жаркынбек Балтагулович

2.

Биринчи Май

Шербаев Мухтар Нурмаматович

Базар-Коргон району

 

3.

Могол

Турдукулов Эркинбек Нурдинович

4.

Кызыл-Үңкүр

Жолдошев Оморбек Мамираимович

 

Тогуз-Торо району

 

5.

Кара-Суу

Молдобаев Тойгонбай Бекташович

Чүй облусу

Аламүдүн району

 

6.

Нижняя-Аларча

Мураталиев Талантбек Манапбекович

Ысык-Ата району

 

7.

Бирдик

Байдовлетов Мураткан Кыдыргычович

8.

Кең-Булуң

Аралбаев Джолдошбек Рысбекович

Ош облусу

Алай району

 

9.

Бүлөлү

Абдраев Таалайбек Жожоевич

Чоң-Алай району

 

10.

Кашка-Суу

Сапаралиев Мирланбек Туратбекович

 

 


Карап чыгуулар: (1380)